Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Астанада Украина боюнча төрт тараптуу жолугушуу болбойт


9-январда Астанада белгиленген Украина, Орусия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болбойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мурдараак Украинанын чыгышындагы абал боюнча төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болорун украин дипломаты Алексей Макеев “Твиттердеги” баракчасына жазган.

Өткөн жылдын соңунда Украинанын президенти Петр Порошенко 15-январда Астанада өтө турган саммитке катышууга даярдыгын айткан. Кийинчерек Франция жана Германиянын бийликтери эгер Казакстандын баш калаасындагы саммит Украинанын чыгышындагы абалдын оңолушун шарттаса гана бул жолугушууга барарын билдиришкен.

Кийинки жумада төрт тараптуу саммит болоору белгисиз. Украинадагы кризисти бүгүн Берлинде Назарбаев менен Германиянын канцлери Ангела Меркел бейформал жолугушууда талкуулашары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG