Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Эсенбеков: Нарындагы митингди башка күчтөр уюштурууда


Апрель окуясынын катышуучусу, мурдагы губернатор Адыл Эсенбеков 14-январда Нарында өтө турган митингди башка күчтөр уюштуруп жатат деп эсептейт. Бирок Эсенбеков алардын ысымдарын айткан жок.

Эсенбековдун баамында, өлкөдөгү башаламандыкты каалаган күчтөр электр баасын шылтоолоп, элди көтөрүп жатышат. "Элдин талабы туура, бирок абалды түшүнүп, чыдап туруш керек", - деди мурдагы губернатор.

Буга чейин электр энергиясынын баасынын кымбатташына нааразы болгон нарындыктар эки жолу митингге чыгышкан. Алар электр энергиясына чектөө болбосун деген талап коюшкан. Акыркы митингде өкмөткө 14-январга чейин убакыт берип, талап аткарылбаса мөөнөтсүз митингге чыгарын билдиришкен.

Кечээ Энергетика министрлигинин өкүлдөрү өткөргөн маалымат жыйынында февралдан тарта электр энергия арзандай тургандыгы белгилүү болду. Бирок Нарындагы митингдин уюштуруучулары 14-январга белгиленген нааразылык акциясынан баш тартпай турганын билдирип келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG