Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:02

Араван районунда Мухаммед пайгамбарды эскерген иш-чаралар өтөт


Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата Араван районунда бир айлык эскерүү жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук казыятынан билдиришти.

Ислам дининде Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн Мавлид деп аталат. Бир айлыктын алкагында райондун ар бир мечитинде пайгамбардын кулк-мүнөзү, басып өткөн жолу, кылган иштери тууралуу баяндар айтылат. Мындан сырткары эскерүү учурунда райондогу бардык мечиттерде пайгамбарды даңазаланган түрдүү чыгармалар жана дубалар окулат.

Ушул учурда Мухаммед пайгамбардын туулган күнү Ош облусунун башка райондорунда да ар түрдүүчө белгиленүүдө.

Мухаммед пайгамбар хижра жыл санагы боюнча рабиуль айынын он экисинде, дүйшөмбү күнү дүйнөгө келген. Азыркы жыл санак боюнча 571-жылдын 20 апрелде төрөлгөн. (YI)

XS
SM
MD
LG