Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Муфтияттын маалымат катчысы Париждеги окуянын артында АКШ же Израиль туруусу мүмкүн деп эсептейт


Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Асан Саипов “kloop.kg” сайтынын кабарчысы менен маегинде билдирген. Ал “ислам ар түрдүү террордук, экстремисттик аракеттерди четке кагарын” белгилеп, Париждеги окуянын артында Америка же Израил турушу ыктымалдыгын айткан. Маалымат катчынын ою боюнча мусулмандарды жаман көрсөтүү, аларды согуштуруп жаткандар ким экенин дүйнө жүзү жакшы билет. Саипов бул айтылгандар жеке өзүнүн гана пикири, муфтияттын пикири эмес экенин баса белгилеген:

- Болушу мүмкүн. Мусулмандарды жаман атты кылуу максатында бүгүнкү күндө Америка, Израил өздөрүнүн каалаганын жасап жатат. Бул менин жеке пикирим, муфтияттын эмес.

Асан Саиповдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

7-январда Парижде Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, чоң талашка жем таштаган Charlie Hebdo журналынын редакциясына болгон чабуулда 12 адам мерт болгон. Кол салууга шектелген ага-ини Саид жана Шериф Куашилер жок кылынды. Ошол эле күнү полиция операциясында Париждин Порт-де-Венсен деген районунда, жөөттөрдүн кошер дүкөнүндө бир нече адамды барымтага алган Амеди Кулибали аттуу адам да өлтүрүлдү. Бирок Кулибали дүкөндө барымтага алган төрт адамды атып салууга жетишкен. Ага чейин ал бир полицей аялды өлтүрдү деп шектелген эле.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул окуяга байланыштуу Француз президенти Франсуа Олландга көңүл айтып, Кыргызстан эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптарын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG