Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Алматыда Назарбаевдин мурдагы кудасы Мухтар Алиев жерге берилди


Алматыда белгилүү хирург, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кудасы Мухтар Алиев жерге берилди. 82 жаштагы Алиев 12-январда дүйнө салган эле. Маркум менен коштошуу зыйнаты калаадагы Окумуштуулар үйүндө өттү. Ага маркумдун жакындары, калаа жетекчилери, кесиптештери катышты.

Президент Нурсултан Назарбаевдин көңүл айтуу катын Алматынын акими Ахметжан Есимов окуп берди.

Академик, Казакстандын баатыры Мухтар Алиев президент Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дариганын мурдагы кайын атасы. Мухтар Алиевдин уулу, Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев былтыр июндан бери Австрияда камакта отурат. Чоң атасы менен коштошууга Рахат Алиев менен Дарига Назарбаеванын уулдары Нурали жана Айсултан келишти.

Казакстан 2007-жылы эки банкирди уурдап өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелген Рахат Алиевди Австриядан өткөрүп алууга аракет жасоодо. Рахат Алиев өзүн акмын деп, ал саясий жүйөөдөн улам айыпталып жатканын айтып келет.

Австрия Казакстанда сот адилетсиз болот деп, Алиевди экстрадициялоо боюнча Астананын өтүнүчүн эки жолу канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG