Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

“Кыргыз чоролору” отурган кеңсеси үчүн ижара акы төлөбөйт


Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси ээлеп турган кеңсе президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик имараттар департаментине карайт. Аталган бирикме Мамлекеттик мүлк фондусу менен келишим түзүп, аталган кеңсени 2013-жылдын аягына чейин колдонуу боюнча макулдашкан.

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин башчысы Замир Көчөрбаев кеңсенин ижара акысы үчүн 2014-жылга чейин айына 18 миң сомдон акы төлөп келгенин, азыр болсо өкмөт токтомунун негизинде акысыз колдонуп жатканын тастыктады.

Мындан мурдараак кытайлык жарандардын ишмердигин тинтүү менен аты чыккан “Кыргыз чоролоруна” аталган кеңсени Экономика министри Темир Сариев бергени айтылган, бирок аталган мекеме бул маалыматты жокко чыгарган. (EBm)

XS
SM
MD
LG