Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:17

Конституциялык палата “ММКлардын жоопкерчилиги тууралуу” мыйзамды карайт



"Кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү тараткан үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизген" берененин Баш мыйзамга канчалык дал келээрин териштирип берүүсүн өтүнүп, Конституциялык палатага коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева кайрылган. Анын “Азаттыкка” курган маегинде айтышынча, “жалган маалымат таратканы үчүн” деген берене менен маалымат каражаттарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу сөз эркиндигин муунтуу менен барабар:

- Бул бир пайызга да жетпеген саясий лидерлердин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам болууда. Аларга каалаган массалык маалымат каражаттарын жана каалаган адамды куугунтукка алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми карапайым адамдар үчүн бул мыйзам иштебей жатат.

Өткөн жылы 17-майда Алмазбек Атамбаев кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу мыйзамга кол койгон. Атайылап жалган маалымат тараткан ММКны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам ЖК депутаты Э.Кочкарова сунуштаган долбоордун негизинде кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG