Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Нарында электр энергия баасына нааразылык митинги болот


Электр энергиясынын баасы мурдагыдай калтырылуусун талап кылган митинг бүгүн Нарын шаарындагы борбордук аянтта болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучусу Бактыгүл Жумабаева билдирди. Анын айтымында, митингдин артында саясат да, саясатчы да жок:

- Биз светти 23 тыйынга арзандаткан өкмөткө макул эмеспиз. Мурдагыдай 70 тыйын кылсын, - деди Жумабаева.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты. Эми февраль айынан тартып, 700 кВттан ашык жаккандар ар бир кВт саат үчүн 1 сом 82 тыйындан төлөшөт.

Бүгүн ошондой эле Нарында туруктуулукту сактоого жана тынчтыкка чакырган митинг да болот. Ага негизинен жаштар катышарын Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов “Азаттыкка” билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG