Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Өкмөт башчысы Оторбаев кызматтан кетпейт


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министрдин жакын арада кызматтан кетүү боюнча ниети жок.

Мындан мурдараак айрым маалымат каражаттары Жоомарт Оторбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын, март айында анын ордуна экономика министри Темир Сариев келерин жазып чыгышкан.

Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 4-апрелинен бери өкмөттү жетектеп келет. Ага чейин ал биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG