Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Токмокто бир үй-бүлөнүн беш мүчөсүнүн өлүмү иликтенип жатат


Токмок шаарындагы бир үй-бүлөдөгү беш адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери бүтө элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат кызматынан Эрнист Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, 8-январда Токмоктогу бир үй-бүлөдөн 12 жаштагы эки эгиз кыздын жана үйдүн кожоюнунун сөөгү табылган. Кийинчерээк ушул эле үйдүн 16-17 жаштагы Фарида жана Тахмина аттуу кыздары ооруканадан көз жумат. Алардын денелеринен күч колдонуунун белгилери табылган эмес. Бул кырсыктан үйдүн кожейкеси жана 22 жаштагы кызы аман калган.

Милициянын алдын ала маалыматтары боюнча, үй-бүлө мүчөлөрү тамак-ашка ууланып өлгөн болушу мүмкүн. Анткени милиция окуя болгон жерге барганда үйдөн тамак-аш калдыктары табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жана медициналык экспертизалар жүрүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG