Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Казак оппозиционери Кетебаев Испанияда камактан бошотулду


Казак оппозиционери Муратбек Кетебаев Испанияда камактан бошотулду.

Ал өткөн жылдын 27-декабрда Мадриддеги мейманканалардын биринде Интерполдун ордеринин негизинде кармалган. Интерполго казак өкмөтү кайрылган. Кетебаев кармалган соң Казакстанга экстрадицияланышы мүмкүн экени айтылган.

Бирок Кетебаевдин жубайы Ирина Петрушеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жолдошу 15-январда бошотулган жана эч кандай айыппул төлөгөн жок. Бирок экстрадициялоо маселесине чекит коюла элек.

"Алга” саясий партиясынын жетекчилеринин бири Муратбек Кетебаев 2011-жылы Казакстандан чыгып кеткен. 2013-жылы Польшада саясий качкын деген макам алган.

Аны казак бийликтери Жаңы-Өзөндөгү окуялар боюнча күнөөлөп, Алматыда теракт уюштурууга аракет кылган деген айыптоодо. Бирок Кетебаев мунун баарын четке кагып келет.

Кетебаев президент Нурсултан Назарбаевдин элдешкис сынчысы, учурда Францияда камакта жаткан Мухтар Аблязовдун эң жакын санаалаштарынын бири.

XS
SM
MD
LG