Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

"Датка" подстанциясына үлүш жерин бергендер компенсация ала элек


Мындан төрт жыл мурда "Датка" көмөкчү чордонун курууга үлүш жерлерин өткөрүп берген Базар-Коргондун үч тургуну компенсация ала элек. Бул тууралуу райондун Акман айылынын тургуну Алиакбар Таникулов "Азаттыкка" билдирди.

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Каныбек Тилекеев убагында сегиз жарандын 13 гектар айдоо жери подстанция курууга берилгенин, жер ээлерине тийиштүү жардам көрсөтүлгөнүн, жарандардын маселеси келерки аптада кайрадан комиссиянын негизинде караларын айтууда.

Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр тармактар ишканасынан билдиргендей, кезегинде өкмөттүн токтому менен көмөк чордон курулчу аймактагы жергиликтүү бийликтин бюджетине кайтарымсыз негизде 194 миң сом жана анын алдындагы атайын фондго 3 млн. сомго жакын каражат которулган. (RsK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG