Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Москвада оппозициячыл активисттер камакка алынды


Орусияда оппозиционер Алексей Навальный жана иниси Олегди колдоо митингине катышкан эки активист камалды. Москванын Твер райондук соту активист Марк Гальперинди 30 күнгө жана Ильдар Дадинди 15 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Ага чейин Гальперин 10-январда Манеж аятында “Мен - Шарли” деген акция өткөргөнү үчүн кармалган эле.

15-январда Орусия калаасындагы Манеж аянтында Навальныйды колдоо акциясына чыккан 15ке жакын адам кармалган.

Өткөн жылдын 30-декабрында Москвада райондук сот “Ив роше” компаниясынын иши боюнча орус оппозициясынын өкүлү Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен. Анын бир тууганы Олег үч жарым жылга эркинен ажыратылган.

Алексей Навальный үй камагы боюнча сот чечимин аткарбай турганын айтып, орус мыйзамдарына ылайык, мындай чечим ага карата колдонулбашы керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG