Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Ошто психиатрия борборунун бөлүм башчысы пара менен кармалды


15-январда Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ош облустук психиатрия борборунун жооптуу кызматкерин колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Психиатрия борборунун бөлүм башчысы жергиликтүү тургундан майыптыгы боюнча мөөнөтсүз учетко тургузуу үчүн акча талап кылган.

Бул боюнча кылмыш иш козголуп, Ош облустук прокуратурасы иликтөө жүргүзүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG