Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Окко учкан чек арачынын сөөгү жерге берилди


Бүгүн, 16-январда Баткендин Лейлек районундагы “Айкөл” чек ара бекетинде белгисиз куралчандардын кол салуусунан көз жумган Тынчтык Исмаиловдун сөөгү туулган жери - Ноокат районунда жерге берилди. Маркумдун артында үч ай мурда баш кошкон жубайы жесир калды. Улук лейтенант Исмаилов кол салуу болгон чек ара тозотунун башчысы болгон.

16-январда түнкү 11лер чамасында Лейлек районундагы “Айкөл” чек ара тозотундагы куралдуу кол салуудан бир чек арачы набыт болуп, экөө жаракат алган. Учурда ооруканада жаткан чек арачылардын абалы канааттандырарлык экени айтылууда.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан каза болгон улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом, ал эми жараат алган лейтенант Осмонов Нуркелди жана катардагы жоокер Сагынбай уулу Жаныбайга 50 000 сомдон бөлүп берүү боюнча буйрукка кол коюп, окуяны тыкыр иликтөөнү тиешелүү органдарга тапшырган.

Учурда тиешелүү органдар куралдуу кол салуунун чоо-жайын иликтеп жатат, алдын ала маалыматтар боюнча ок аңычылык куралдан чыгарылган. Кылмышка шектүүлөр изделип жатат. (UEz/JsA)

XS
SM
MD
LG