Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Грек полициясы экстремизмге шектелген бир нече жаранды камакка алды


Грециянын полициясы Белгия аймагындагы экстремисттик аракеттерге катыштыгы бар деген шек менен бир нече жаранды камакка алды. Полициянын маалыматында кармалгандардын бири Вервье шаарында полицияга кол салган экстремисттер менен байланышта болгон.

17 кишинин өмүрүн алган Париждеги кол салуудан кийин Европанын бир катар өлкөлөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, теракт уюштурууга аракет кылган деген шек менен адамдар кармалды. “Шарли Эбдо” журналынын редакциясына болгон чабуулга байланыштуу Франция, Бельгия жана Германияда 20га чукул шектүү жаран колго түшүрүлдү. Ишембиде Бельгиядагы коопсуздукту жана террористтерге каршы туруу аракеттерин аскердик бөлүктөр да камсыз кылышты.

Өткөн бейшембиде Белгиянын Вервье шаарында үйлөрдү тинтүү учурунда согушкер полицияга каршылык көрсөтүп, ок чыгарган. Атышуу учурунда эки адам өлтүрүлгөн. Өлкө прокуратурасынын маалыматы боюнча, полицияга ок чыгаргандар жакында эле Сириядан кайтып келип, Бельгияда теракт уюштурушу мүмкүн деген маалымат түшкөн.

XS
SM
MD
LG