Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Каптагаев Садыр Жапаровду сотко берет


Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев экс-депутат Садыр Жапаровду жалган маалымат таратты деп сотко берет. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде аны негизсиз каралаган.

- Жапаровдун мен жөнүндө жазгандары жүз пайыз калп. Мен сотко кайрылуу үчүн керектүү материалдардын баарын топтоп койдум. Анын калпын ашкерелейм,- деди Каптагаев.

Учурда Варшавада жүргөн Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде Каптагаев Ысык-Көлдөгү биосфералык-экологиялык аймактын башчысы болуп турган мезгилде коррупциялык иштерге аралашканын жазган. Аталган китепте, мындан тышкары Атамбаев баш болгон өлкөдөгү таасирдүү адамдардын тымызын иштери тууралуу да айтылган. Бирок китепте аты аталгандардын анда айтылгандарды жалган деп, жокко чыгарууда.

Алгач интернетте жайылтылган чуулгандуу китеп кийин Жаныбек Жанызактын басмаканасында миң нускада басылып чыккан.

Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата-Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган.(UEz)

XS
SM
MD
LG