Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Ноокен районунун акими Абдыракман Осмонов жана Майлы-Суу шаарынын мэри Кыянбек Сатыбалдиев административдик жоопко тартылып, ар бири 10 миң сомдон айыпка жыгылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Жалал-Абад облустук прокуратурасынын текшерүүсүнүн натыйжасында, аткаминерлер коррупцияга каршы туруу боюнча укуктук-нормативдик талаптарды, президенттин жана өкмөттүн коррупцияга каршы саясат боюнча жардык, токтомдорун аткарышкан эмес.
Мунун негизинде административдик кодекстин 400-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. (МТо)