Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Төрөт үйүндө бала алмашканы далилденген жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо департаментинин медициналык жардам уюштуруу бөлүмүнүн башкы врачы Раиса Асылбашева билдирди. “Бул боюнча атайын түзүлгөн медициналык комиссия ымыркай кыздын алмашылбаганын аныктады. Кыз омуртка кемтиги менен төрөлгөндүктөн ден соолугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө, эртеси 3-балдар ооруканасына которулган. Мындан тышкары ал күнү эркек бала төрөлгөн эмес”, - деди Асылбашева.

Дарыгерлер ата-энесине ишенбесе ымыркайды генетикалык анализден өткөрүүнү сунуштаган. Эгер андай кылбай турган болсо медиктер ата-эне менен соттошууну көздөөдө.

Ал эми кыздын атасы Кутман Мамадалиев медициналык комиссиянын корутундусуна ишенбей турганын, бирок азырынча ДНК анализ да тапшырыша электигин айтты.

“ДНК анализди жазга чейин тапшырабыз. Сотко берсе соттон чечишебиз. Азырынча баланы өзүм багып атам. ДНК анализ кандай гана чечим чыгарбасын бул кызды мен өзүмө алам. Кыз меники эмес болсо баланы да издеп тапканга аракет кылам”, - деди Мамадалиев.

10-январда Бишкектеги №4-төрөтканада жарыкка келген ымыркайды атасы акушерлер алмаштырып койду деп Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгандан кийин медициналык комиссия түзүлгөн болчу. (МТо)

XS
SM
MD
LG