Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Украинанын чыгышында уруш уланууда


Донецк аэропортунун жанында талкаланган Путилов көпүрөсү. 18-январь, 2015-жыл.
Донецк аэропортунун жанында талкаланган Путилов көпүрөсү. 18-январь, 2015-жыл.

Уруш проваслав христиандардын бүгүнкү майрамына ( Иса пайгамбардын чокунган күнү) карабай уланууда. Бирок атышуулардын ыргагы мурдагы күндөргө салыштырмалуу бир аз басаңдагандай.

Украин армиясынын билдиргенине караганда, жикчилдер кечээ кечки саат 18ден бери өкмөттүк күчтөрдүн турумдарын жана эл жашаган райондорду кеминде 35 ирет аткылашкан. Украин тарап ошондой эле Донецк шаарынын урандыга айланган аэропорт аймагынын дээрлик баарын кайра ээледик деп ырастоодо.

Бирок жикчилдердин лидери Александр Захарченко бүгүнкү басма сөз жыйында “украин армиясынын аэропортту алуу боюнча бардык аракеттери оңунан чыккан жок”, - деп билдирди.

Соңку уруштарга байланыштуу Москва менен Киев да кайым айтышты.

Путиндин басма сөз катчысынын ырастоосунда, украин президенти Порошенко алар 15-январдагы катта сунуш кылган тынчтык планды четке каккан.

Украин тышкы иштер министрлиги болсо бүгүнкү билдирүүсүндө Москваны былтыр 5-сентябрда жетишилген тынчтык келишимдин аймактан чет элдик аскер күчтөрүн жана оор аскерий техниканы чыгарууну караган бөлүгүн аткаруу графигине кол коюуга үндөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG