Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Кыргызстандагы диний коопсуздук талкууланат


Сирия, Ирак жана Ооганстандагы жагдайлардын Кыргызстанга таасирин жана коркунучтарын бүгүн Бишкекте журналисттер дин таануучу коомдук ишмер Кадыр Маликовдун катышуусунда талкуулашат. Иш-чара Akipress маалымат агенттигинде өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, Сириядагы согушка аттанып жаткан кыргызстандыктарды токтотуунун жолдору жана диний маалымат коопсуздугун камсыздоо маселеси маалымат жыйынынын негизги темасы болмокчу.

Күч органдары билдиргендей, ушул тапта Сирияга 200дөй кыргыз жараны кетип калганы аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG