Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда


Буга чейин курулушу мыйзамсыз жүргөнү аныкталган үйлөргө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагындагы уруксатсыз курулган 50 миңден ашуун үйлөрдү мыйзамдаштыруу – жарандардын социалдык укугун коргоо болуп саналат:

Ар кандай себептерден улам документтери толук болбой, бирок курулушу бүтүп калган үйлөрдүн саны 52 миңди түзөт. Анын алты миңи Бишкекте, миң турак-үй Ош шаарында жайгашкан. Ал үйлөрдү курууга убагында өкмөт чечим чыгарган. Документтердин жетишсиздигинен гана мыйзамсыз болуп турат. Үйлөрдүн макамын тез арада аныктап, социалдык укуктарына ээ боло албай жүргөн миңдеген жарандардын маселесин чечишибиз керек.

Жогорудагы маселе боюнча мыйзам долбоору жакында парламентте талкууланмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG