Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Оштогу көпүрөнүн курулушу күздө аяктайт


Көпүрө курулуп жаткан жер, Ош шаары, ноябрь, 2014.
Көпүрө курулуп жаткан жер, Ош шаары, ноябрь, 2014.

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу 2015-жылдын күз айларында бүтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди.

“Биринчи этабында жер алдындагы жана үстүндөгү коммуникациялык жумуштар бүткөрүлдү. Ноябрдан тарта экинчи этабына кириштик. Бул көпүрөнүн өзүнүн курулушу. Үчүнчү этабында анын жака белиндеги жолдорду жана тегерек четин калыпка келтирүү иштери жүрөт”, - деди Кадырбаев.

Көпүрөнүн биринчи этабына 16 млн. сом сарпталса, экинчисине 284 млн. сом кетери пландалган. Ал эми 3-этабынын баасы тендер өткөрүлгөндөн кийин белгилүү болот.

Жакында Оштун эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кайрылуу жасап, мэр бойдон кала берсе шаардагы эстакадалык көпүрөнү эбак куруп бүтмөктүгүн билдирген.

Кадырбаев иш белгиленген план боюнча жүрүп жатканын кошумчалады. (МТо)

XS
SM
MD
LG