Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Салянованын күйөөсү өзүнө тагылган айыпты четке какты


Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Учурда ал өлүк коюу зыйнатында жүргөнүн белгилеп, кенен маалымат берген жок.

“Бул бүт эле жалаа. Мен азыр алыста жүрөм. Бул иш боюнча мага айтышты. Барганда сүйлөшөбүз”, - деди Абдыкапаров.

Ал эми жубайы Аида Салянованын кайда экендиги тууралуу айткан жок.

Бүгүн УКМК адамдар тобу “Тазалык” ишканасына козголгон кылмыш ишин кыскартып берем деп алдоо жолу менен 50 миң доллар алышканын кабарлаган. “Күбөлөрдүн баары алардын арасында Бакыт Абдыкапаров да болгон деп көрсөтмө беришүүдө. Учурда иликтеп жатабыз”, - дейт УКМК расмий өкүлү Рахат Сулайманов.

Ал эми баш прокурор Аида Салянова кызматтан биротоло кетүү тууралуу арыз бергени кечээ кечинде белгилүү болгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG