Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Ак үй алдында Салянованы колдогон митинг өтүүдө


Ушу тапта Ак үйдүн алдында 50-60тай адам Аида Салянованы колдоп митингге чыгышты.

Кабарчыбыздын айтымында, алар колуна “Аида, эл сени менен”, “Ишиңди аягына чыгар, отставкага кетпе” деген сыяктуу жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Алар президенттик администрацияга отставканын себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылып өкүлдөрүн жөнөткөнү турушат.

“Аида Салянова коррупция менен күрөшкөн жалгыз чиновник болчу. Күйөөсүнө кылмыш ишин козгоп, саясий интрига кылып атышат. Салянова ошонун курмандыгы болууда” деди митинг катышуучуларынын бири Талант Акматов.

Салянова баш прокурорлуктан кетүү тууралуу арызын 19-январда жазган. Парламент бүгүн аны колдоду. (UEz/MTo)

XS
SM
MD
LG