Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Депутат Жамгырчиева акыйкатчынын орун басарлыгына шайланды


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жамгырчиева депутат болгонго чейин шайлоо учурунда күч органдары тарабынан укугу тебеленип, камакка отуруп чыкканын белгиледи. Мындан улам укугу бузулган жарандардын абалын жакшы түшүнөт деген негизде орун басарлыкка тандаганын айтты.

Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар эч кандай суроо бербестен Жамгырчиеванын талапкерлигин бекитип беришти.

Гүлнара Жамгырчиева 1962-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. 1982-жылы Фрунзе политехникалык техникумун, 1991-жылы Айыл чарба институтунан инженер-гидротехник адистигин алган.

1982-жылы Балыкчы шаарында китепканачы болуп, кийин «Кыргызтрансавто» АКында иштеген. 2010-жылдан тарта КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп келген. Ал мандатын кийинки жумада тапшырары белгилүү болду. (МТо)

XS
SM
MD
LG