Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

“Курманжан датканы” интернетке тараткандарга чара көрүлөт


"Курманжан датка" тасмасынан бир көрүнүш.
"Курманжан датка" тасмасынан бир көрүнүш.

“Курманжан датка” тасмасын каракчылык жолу менен интернетке чыгарып жибергендердин жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлүүдө. Бүгүн фильмди тарткан чыгармачыл топ маалымат жыйын өткөрөт. Продюсер Фархад Бекманбетов “Азаттыкка” билдиргендей, “Курманжан датканы” алдыда дагы бир катар эл аралык фестивалдарга алып чыгуу пландалып жаткан болчу. Анын интернетке чыгып кетиши буга кедергисин тийгизет.

Толук метраждуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильми үч жыл тартылып, өткөн жылдын 31-августунда көрүүчүлөргө сунушталган. Андан бери кинопрокаттан түшө элек. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалган. Эл аралык абройлуу сынактарга катышып, жакшы бааланып жаткан тасманы 21-январь күнү белгисиз кишилер интернетке жарыялап жибергени маалым болду. (SE)

XS
SM
MD
LG