Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Депутат Аманбаеванын соту убактылуу токтотулду


Урмат Аманбаева "Азаттыкта", 20-январь, 2012
Урмат Аманбаева "Азаттыкта", 20-январь, 2012

Коррупцияга айыпталып жаткан депутат Урмат Аманбаева ооруп жатканына байланыштуу бюллетень ачылган. Ошондуктан Октябрь райондук соту ал айыкканга чейин сотту токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аманбаеванын адвокаты Нургазы Сыдыков билдирди.

Мындан тышкары Оштон башка соттолуучулардын адвокаттары, каражатка байланыштуу күбөлөр да келген эмес. Соттолуучулардын бири аталган иш боюнча өтүп жаткандардын көпчүлүгү Ошто экенин айтып, сотту ал жакта өткөрүү өтүнүчүн келтирди.

“Аманбаеванын ден соолугу операциядан кийин жакшы. Бирок сотто бир нече сааттап отура албайт. Аркы жумада ооруканага барып, текшерүүдөн өтөт. Жакшы болсо бюллетень жабылат”, - деди Сыдыков.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаевага Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. (МТо)

XS
SM
MD
LG