Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Чолпон-Атадагы ат майдан чыры бүтө элек


Биринчи көчмөндөр оюнунун ачылыш аземинен бир көрүнүш.
Биринчи көчмөндөр оюнунун ачылыш аземинен бир көрүнүш.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну үчүн кеңейтилген ат майданды курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркин Мергенбаев үстүнөн козголгон кылмыш ишине жана өкмөт анын талаптарын укпай жатканына нааразы болууда. Бүгүн ал журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, ушул маселени коомчулукка алып чыкмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мергенбаев өзү билдирди.

Чолпон-Атадагы ат майдан сентябрдын башында өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата кеңейтилген. 800 орундуу жерди 7 миң киши баткыдай кылып кайра курууга бюджеттен 84 млн. сом бөлүнгөн. Бирок куруучуларга маяналары толук берилбей, маселе жаралган. Жакында Мергенбаевге кылмыш иши козголгон. Бирок ал муну атайын жасалып жатканын айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG