Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Кордолгон наристе комадан чыга элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Таланбек Өмүрбеков баланын абалы оор бойдон экенин кошумчалады. 11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Бир аптадан кийин наристе өз алдынча дем алып, жасалма дем алдыруудан ажыратылган.

Милиция бул окуя боюнча атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ымыркайды сабоого шектелген 47 жаштагы жаран жубайы менен камакка алынган.

Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тапшырма берип, бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG