Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Депутаттар электрдин баасын арзандатуу маселесин карайт


Жарыктын баасы өскөндөн бери электр энергиясын үнөмдөгөндөр көбөйдү.
Жарыктын баасы өскөндөн бери электр энергиясын үнөмдөгөндөр көбөйдү.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети электр энергиясынын азыркы тарифтерин кайра карап чыгуу маселесинде талкуу өткөрөт. Депутат Азамат Арапбаев “Азаттыкка” билдиргендей, быйыл кыш жеңил келгендиктен электр энергиясын коротуу мурда божомолдонгон чекке жеткен жок. Өткөн жылы суткасына 72 миллион кВт\саат энергия коротулса, быйыл ал көрсөткүч 54 миллион кВт\сааттын тегерегинде болууда:

- Казакстандан 1 миллиард кВт\саат электр энергиясын алуу боюнча келишимге кол койгонубуз менен азырынча анчалык муктаждык байкала элек. Импортту пайдалануу азайып жаткандыктан, элден төлөнчү сумманы да кыскартуу зарыл.

Депутаттардын бул маселедеги бүгүнкү жыйынына Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Нурбек Элебаев чакырылган.

Энергетиктердин айтымында, Казакстандан келчү электр энергиясынын чек арага чейинки баасы 5 сомго айланат. Ага салыктарды кошкондо баа 5 сом 60 тыйынга чыгып кетет.

Азыркы тарифке ылайык, жарандар февраль айынан баштап электр кубатына 700 кВтка саатка чейин 70 тыйындан, андан ашкан учурда 1 сом 82 тыйындан төлөшөт. Ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 1 сом 97 тыйындан төлөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG