Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Ак-Суу районунун реабилитациялык бөлүмүнө карантин киргизилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ооруканасынын башчысы Токтобай Маанаев билдирди.

Маалыматка ылайык, райондогу реабилитациялык борборго Бишкек шаарынан келген бейтаптан кызылча илдети аныкталган. Буга байланыштуу карантин киргизилип, башка бейтаптарга эмдөө жүргүзүлдү. Ушу тапта облустук ооруканада кызылча илдети аныкталган үч адам дарыланууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, январь айынын башынан бери Жугуштуу оорулардын клиникасына кайрылгандардын саны 2,5 миңден ашкан. Ошол эле маалда Кыргызстанда 6,5 миңге жакын ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Алардын көпчүлүгү буга диний көз караштан улам барышканы айтылууда. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG