Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Нарын облусу мал уурулуктан 3 миллион сомдон ашуун зыян тартты


2014-жылы Нарын облусунда 746 баш мал уурдалып, жалпы чыгымы 3 млн. сомдон ашкан. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орозобек Молдосариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 514 баш мал табылып ээлерине кайтарылды.

Былтыр мал уурулукту кесип кылган 54 адам катталып, анын ичинен 24 адамдан турган 9 кылмыштуу топ кармалган. Нарында мал уурулук жалпы кылмыштардын бештен бир бөлүгүн түзөт. (MiK/КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG