Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Түндүк Корея лидери Ким Чын Ын Москвага барат


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын май айында Москвага сапар менен келет. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы чет өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирген. Маалыматка ылайык, Ким Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвадагы иш-чарага катышмакчы. Бул Түндүк Кореянын 31 жаштагы лидеринин 2011-жылы бийликке келгенден бери чет өлкөгө алгачкы сапары болмокчу.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус президенти Владимир Путин Ким Чен Ынды Жеңиштин 70 жылдыгына белгилөөгө чакырганын билдирген.

XS
SM
MD
LG