Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Иран БУУдагы жаңы өкүлүн дайындады


Ирандын БУУдагы жаңы өкүлү болуп Голамали Хошру дайындалды. Өткөн жылдын апрелинде мамлекеттин Улуттар уюмундагы өкүлү Хамид Абуталебинин өлкөгө киришине тыюу салынган. Кошмо Штаттардын бийликтери Абуталебини 1979-жылы ислам революциясы учурунда Тегерандагы америкалык элчиликте адамдарды барымтага алууга катышкан деп айыптаган. Иран мындай айыпты четке кагып, мыйзамсыз деп атаган.

Жаңы дайындалган Голамали Хошру 1989-1995-жылдары Ирандын БУУдагы өкүлү болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG