Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Майыптарга берилген үйлөр нааразылык жаратууда


Азиздер жана дүлөйлөр коомунун айрым өкүлдөрү майыптарга үй берүүдө акыйкатсыздык болгонун билдирип жатышат. Буга эмне негиз болгонун айтуу үчүн алар бүгүн Бишкекте журналисттерге маалымат жыйын уюштурмакчы.

Өткөн жумада борбор калаанын Көк-Жар кичи районунда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө бир бөлмөлүү батирдин ачкычтары тапшырылган.

Үйдүн курулушу 2011-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын декабрь айына чейин жүргөн. Курулуш үчүн мамлекеттик бюджеттен 87 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Жаңы курулган үйгө көчүп киргендердин 60ы - азиздер, 25инин кулагы укпайт. Дагы төрт адам башка категориядагы майыптар.

Азиздер жана дүлөйлөр коомдук уюмуна 10 200 киши мүчө. (SE)

XS
SM
MD
LG