Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Украина: Дебальцево курчоого алынганы кабарланууда


Орусиячыл козголоңчулардын Дебальцевонун четиндеги туруму. 28-январь, 2015-жыл.
Орусиячыл козголоңчулардын Дебальцевонун четиндеги туруму. 28-январь, 2015-жыл.

Дебальцово эки тараптан курчоого алынганын украин армиясынын басма сөз өкүлү Андрей Лысенко да ырастап, аймак Град системасынан утур-утур аткыланып жатканын маалымдады.

Украинанын чыгышындагы козголоңчулардын аскерий лидери Эдуард Басуриндин ырастоосунда, Дебальцевону украин өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү башка аймактар менен туташтыруучу эки кан жол алардын карамагына өттү. Басурин кошумчалагандай, Минск тынчтык келишиминин шарттары мындан ары күчүн жоготту.

Дебальцево - соңку апталарда уруш күчөгөн аймактардын бири.

Киев жана Батыш өлкөлөрү козголоңчулардын чабуулу Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу боюнча былтыр сентябрда Минскте жетишилген келишимди бузуу экенин да айтып жатат.

АКШ чабуул “Орусиянын колдоосу” астында ишке ашып жатканын белгиледи.

Бул аралыкта бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүү маселесин талкууламакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG