Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Жалал-Абадда лицейдин мурдагы жетекчиси жети жылга камалды


Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен №52 кесиптик лицейдин О.Б. аттуу мурдагы жетекчиси жана А.К. деген башкы бухгалтери жети жылга соттолду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады. Алар ишенип берген мүлктү мыйзамсыз короткон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык жасалмалуулук кылган деп айыпталууда.

Тергөөдө белгилүү болгондой, аты аталган жарандар кызматкерлерге материалдык жардам катары берилген 107 миң сомду алдардын колун жасоо менен өздөрү ээлеп алганы аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG