Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Түркмөн аскерлери ирандык балыкчылардын кайыгын чөктүрүп жибергени маалымдалды


Түркмөнстандын деңиз аскерлери ирандык балыкчылардын кайыгын аткылап, чөктүрүп жибергени кабарланды. Каспий деңизинде декбарда болгон бул окуяда бир балыкчы ок тийип өлгөн. Англис тилинде чыкчу The Tehran Times гезити 1-февралда жазышынча, түркмөн аскерлери окту алдын-ала эскертпей туруп аткан. Өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттигинин билдиришинче, тирүү калган балыкчылар камакка алынып, алиге алардын тагдыры жөнүндө так маалымат жок. ИРНА чабуулду “дипломаттык эрежелерге жана эл аралык мыйзамга сыйбаган кадам” деп сыпаттаса, Iran Daily гезити “эл аралык келишимдерди бузуу” катары мүнөздөдү.

Мындай окуялар Иран-Түркмөнстан ортосунда сейрек болот. Бирок акыркы кезде Каспий деңизи Ооганстандын маңзаттары ташылган жолго айланган.

XS
SM
MD
LG