Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Тажикстанда орус офицери жергиликтүү жаранды сабады деп айыпталууда


Тажикстан прокуратурасы орус офицерине Куляб шаарындагы Орусия аскер базасына жакын жерде жергиликтүү тургунду сабаганы үчүн кылмыш ишин козгоду. «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын маалыматына ылайык, Чемизов деген фамилиядагы капитан ресторанда официантты токмоктогон.

Өткөн жылы да Орусиянын Тажикстандагы 201-аскер базасында кызмат өтөп жаткан эки офицер Душанбе шаарында жергиликтүү тургунду өлтүрүп койду деген шек менен кармалган. Ал боюнча тергөө дагы эле уланууда.

Тажикстандын үч аймагында жайгашкан Орусия базаларында жети миңге жакын аскер бар.

XS
SM
MD
LG