Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Кызылчага каршы дары сатып алууга өкмөт акча бөлдү


Дарыгерлер оору негизинен, убагында эмделбеген балдар арасында катталып жатканын айтып жатышат.
Дарыгерлер оору негизинен, убагында эмделбеген балдар арасында катталып жатканын айтып жатышат.

2-марттан 14-мартка чейин Кыргызстандын бүт аймактарында кызамык-кызылча ооруларына каршы жапырт эмдөө жүрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун башчысы Жолдош Камилов билдирди. Дары-дармек сатып алууга өкмөт 34 миллион сомдон ашуун каражат бөлдү.

-840 миң доза вакцина күтүп жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген фирмалардан Балдар фонду аркылуу сатып алынат,- дейт Камилов..

Март айындагы эмдөө эки этапта өтөт. Алгач 11 жаштан 20 жашка чейинкилер,андан соң 1 жаштан 10 жашка чейинкилер дарыланат. Жалпысынан 2 млн 307 миң адам эмдөө алат.

Кыргызстанда кызылча оорусун жуктургандар соңку бир айда күчөдү. Ушул тапта 3403 адам ушул дартты жуктурганы аныкталды.

Кыргыз медицинасында корь оорусу – кызылча, краснуха илдети – кызамык деп аталат. (SE)

XS
SM
MD
LG