Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Украина: Дебальцевонун айланасында уруш уланууда


ЕККУнун ок атууну токтотуу чакырыгына карабай Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаары үчүн өкмөттүк аскерлер менен жикчилдер ортосунда салгылашы уланууда. Армия өкүлдөрү 4-февралда жикчилдер шаарга тогуз жолу чабуул жасап, бирок өкмөттүк аскерлер туруштук бергенин билдирди. Армиянын расмий өкүлү Владимир Селезновдун айтымында, акыркы салгылашта эки аскер мерт кетип, он сегизи жараат алды.

Ага чейин ЕККУ аймактагы тынч жарандарды алып чыгып кетүү үчүн ок атууну токтотууга чакырган.

Дебальцево - соңку апталарда уруш күчөгөн аймактардын бири. Шаар темир жол аркылуу бир нече аймак менен туташып турат. Ошондуктан ал шаарды алуу жикчилдер үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Буга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-ХусейинУкраинанын чыгышындагы уруштарда өлгөндөрдүн саны 5358ге жеткенин билдирип, кырдаалдын курчушун “катастрофалык” деп атаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG