Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Иран парламенти өзөктүк программа боюнча мыйзам кабыл алды


Иран парламенти 3-февралда өзөктүк программа боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Мыйзамга ылайык, эгер Кошмо Штаттар Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизсе, мурда токтотулган өзөктүк ишмердүүлүктү жандантуу каралган.

Жакында АКШ Сенаты мүчөлөрү Иранга жаңы санкцияларды киргизбей турууга макул болгон эле. Учурда дүйнөдөгү алты өлкө менен Тегеран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнү улантууда. АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия кирген топ менен Иран келишимге жетише алса, Тегеран ядролук программасын кыскартат. Ал үчүн Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялардын айрымдары алынмакчы.

Буга чейин АКШ Сенатынын айрым мүчөлөрү Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү сунуштаган. Президент Барак Обама Конгрессти жаңы санкциялардан карманууга чакырып, сүйлөшүү уланып жаткан кезде андай мыйзам кабыл алынса, вето саларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG