Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Кызамыкты жуктургандардын саны 4500 кишиге жетти


Бул туурасында “Азаттыкка” Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов билдирди. Анын айтымында, вакцина алынып келинсе, 2-марттан тарта өлкөдө массалык эмдөө башталат. Оболу 11 жаштан 20 жашка чейинкилер, экинчи баскычында 1 жаштан 10 жашка чейинки балдар эмделет.

Ушул тапта эл аралык тендер өткөрүлүп, вакцина кайсы өлкөдөн алынары аныкталганы жатат. Тендерге Индия менен Белгия катышкан.

Кыргызстанда 1 жаштан 20 жашка чейинки эмдөө жашындагы 2 миллион 307 миң киши бар.

Буга чейин кызамыктын алдын алуу максатында өлкө боюнча 853 миӊ 588 баланын эмдөө баракчасы текшерилген. Алардын ичинен ички миграция жана диний көз караштан улам убагында эмделбей калган балдардын саны 83 миӊ 185 экени аныкталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG