Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Орусия: дүкөндөн май уурдоого шектелген согуш ардагери полицияда көз жумду


Петербургда үч даана каймак май уурдоого шектелген 81 жаштагы аял убактылуу кармоо жайда көз жумду. “Азаттыктын” орус кызматы жазгандай, ал шейшембиде шаардагы "Магнит" дүкөнүнүн жетекчисинин арызы менен кармалган. Арызда ал үч даана майдын акчасын төлөбөй, дүкөндөн алып чыгууга аракет кылганы, анын жалпы баасы 300 рублду түзгөнү жазылган.

81 жаштагы кемпир полиция бөлүмүндө өзүн жаман сезип, тез жардам келгенге чейин көз жумган. Ал Ленинград блокадасынын катышуучусу Рауза Галимова экени аныкталды.

Бул окуяга байланыштуу бир катар коомдук уюмдар нааразылыгын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG