Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

"Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды


Москвада "Кумтөр" долбоору боюнча 3-февралда башталган сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызалтындын" башчысы Токон Мамытов билдирди.

Сүйлөшүүлөргө "Кыргызалтындын", Кыргызстан жалдаган юридикалык компаниянын өкүлдөрү, эл аралык юристтер, "Центерранын" юристтери жана өкүлдөрү катышты.

Токон Мамытовдун айтымында, сүйлөшүүлөр маалында кыргыз тарапка тиешелүү маселелердин дээрлик 90% чечилди. "Бирок ошол эле учурда экологиялык, юридикалык маселелердин айрымдары чечиле элек", - деди Мамытов:

- Кийинки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аларды Бишкекке чакырып жатабыз. Азырынча сүйлөшүүлөр качан өтөөрү белгисиз, алар убакыт сурап жатышат. Алар Москва-Нью-Йорк телекөпүрө аркылуу макулдашылгандарды кагаз бетине түшүрүп, кандайдыр бир схемага түзүп, иштеп чыкканга убакыт керектигин айтып, мартка чейин жетип калышы мүмкүн дешүүдө. Бирок биз февралдын аягына чейин Бишкекте жолуксак деген ойду айттык.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG