Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Москвадагы атышуудан бир кыргызстандык каза тапты


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Москвада кыргыз жарандары ортосунда массалык мушташ чыгып, андан бир кыргызстандык окко учуп, экөө оор жаракат алган.

Кулукееванын маалыматында мушташтан бир нече кыргызстандык жабыркаган. Бирок алардын жарааты жеңил болгондуктан оорукандан тез эле чыгып кетишкен.

Учурда милиция жаңжалдын себептерин аныктап жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG