Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Йеменде туткундалган тажик дарыгери бошотулду


Өткөн жылы Йеменде барымтага алынган тажикстандык дарыгер Гүлрухсор Рофиева бүгүн бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Орусиянын Йемендеги «Здравэкспорт» компаниясынын өкүлү Манучехр Абдуев кабарлады. Анын айтымында, Рофиева учурда Мариб шаарындагы ооруканага жаткырылды. Анын кандай жагдайда бошотулганы тууралуу маалымат айтыла элек.

36 жаштагы дарыгер келишимдин негизинде Мариб провинциясындагы аскер госпиталындагы аялдар бөлүмүндө иштечү. Йеменге келгенине эки жыл болгон. Гүлрухсор 2014-жылы 29-октябрда жумушка бараткан учурда белгисиз адамдар уурдап кетишкен

Йеменде адамдарды барымтага алып, акча талап кылуу кеңири тараган көрүнүш. Бул өлкөдө 200гө жакын тажикстандык дарыгер эмгектенет.

XS
SM
MD
LG