Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Минскиде үч тараптуу сүйлөшүү тобунун жолугушуусу аяктады


Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүгө Украинанын мурунку президенти Леонид Кучма, Орусиянын Киевдеги элчиси Михаил Зурабов, ЕККУнун атайын өкүлү Хайди Тальявини жана жикчилдер көзөмөлдөп турган Луганск менен Донецктин өкүлдөрү катышты.

БЕЛТА агенттигинин маалыматы боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу эч кандай билдирүү болгон жок.

Мурдараак АКШ жана Украинанын президенттери телефон аркылуу Донбасстагы кырдаалды сүйлөшкөн. Ак үйдүн маалыматы боюнча, Обама Украинада карапайым эл жабыркап жатканын билдирип, тынч сүйлөшүүлөрдү жактарын айтты. Эки президент тең Орусия Минскиде өткөн жылы кол коюлган келишимдерди аткарууга тийиш деп эсептешет.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айынан бери согуш жүрүүдө. Германиянын Чалгын кызматы бул аралыкта согуштан мерт кеткендердин саны 50 миң чамалуу деп билдирүүдө. БУУнун маалыматтары боюнча Украинанын чыгышындагы кагылыштардан өлгөндөрдүн саны 3,5 миң чамалуу.

XS
SM
MD
LG