Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Салянова: “Манас” орденин ал деп эч ким чакырган жок


Бул тууралуу мурдагы Баш прокурор Аида Салянова бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Эгер буга байланыштуу чакыруу болсо сыйлыкты алмак экенин айтты.

- Орденге байланыштуу маалымат менин айланамдагы интригалардын бири. Бул жеке адамдын эмес, мамлекеттин сыйлыгы. Эгер бербейбиз деген оюндар болуп жатса ага каршы эмесмин, – деди ал.

Декабрдын соңунда президенттин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык Салянова укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду курууга кошкон жигердүү салымы үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланганын кабарлаган. Айрым маалымат каражаттары Салянова орденден баш тартканын жазышкан эле.

Аида Салянова жаңы жылдын башында кызматтан кетүү арызын берген. Бүгүн маалымат жыйында мунун негизги себеби катары баштаган иштерине президенттен саясий колдоо болбой калганын атады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG